> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эл аралык издөөдөгү европалык Land Rover унаасы Бишкектен табылды
- URL: https://im.kg/all/2022/10/13/el-aralyk-izd-d-g-evropalyk-land-rover-unaasy-bishkekten-tabyldy/
- Published: 2022-10-13T17:12:39.000Z
- Updated: 2022-10-13T17:15:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына Европадан уурдалган деген Land Rover үлгүсүндөгү унаа Бишкекте жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.** 

Борбор калаада оперативдик иликтөө учурунда тергөөчүлөр унаанын жүргөн жерин аныктап, анын айдоочусу К.М. аттуу 1995-жылы туулган жаран экенин аныкташкан.

Иликтөөнүн корутундусуна ылайык, Land Rover үлгүсүндөгү унаанын кузовунун номери **өз алдынча жасалма жол менен** **өзгөртүлгөн**. Диагностикалык сканерди колдонуу менен унаанын чыныгы идентификациялык номери табылган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 380 беренеси боюнча (транспорт каражатынын идентификациялык номерин жасалмалоо, жок кылуу) кылмыш иши козголду.

> Интерполдун маалыматы боюнча, унаа 2020-жылы Германияда эл аралык издөөгө алынган.

Ошондой эле ИИМ жарандарды унаа сатып алууда техникалык жана юридикалык жактарын тыкыр текшерүү керектигин эскертет.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/uurdalgan-unaa1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/uurdalgan-unaa1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/uurdalgan-unaa.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/uurdalgan-unaa.jpeg)