> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Москвада кыргыз товарларынын биринчи Экспо-көргөзмөсү өтөт - компаниялар чакырылууда
- URL: https://im.kg/all/2022/10/13/moskvada-kyrgyz-tovarlarynyn-birinchi-ekspo-k-rg-zm-s-t-t-kompaniyalar-chakyryluuda/
- Published: 2022-10-13T11:13:05.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:45:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**17-19-ноябрь күндөрү Москвадагы Main Stage көргөзмө комплексинде кыргыз товарларынын биринчи Экспо-көргөзмөсү өтөт.** 

Интернеттеги[ маалымат булагына](https://www.facebook.com/groups/726791410771877/posts/5392366570880981) таянсак, көргөзмөгө **текстиль, кийим-кече, бут кийим, курулуш материалдары, зергерчилик, Агро, тамак-аш жана суусундуктар, алкоголдук ичимдиктер, туризм, курулуш компаниялары, банктар** катыша алышат. 

> “Биз биргелешип Россия рыногун өздөштүрөбүз. Дал ушул мезгилде мындай масштабдуу иш-чараларды өткөрүү абдан маанилүү. Себеби, Россиянын рыногунда батыш компанияларынын агылып чыгып кетиши – ал жердеги боштукту пайда кылды. Бул көргөзмөнү биздин ата мекендик компанияларга россиялык рынокту өздөштүрүүгө чоң жардам берет. Биздин өлкөнүн азыркы тарыхында мындай масштабдуу иш-чара болгон эмес”, – дейт уюштуруучулар.

**Made in KG** өлкө брендинин астында 130 стендде 130 компания көргөзмөгө катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле уюштуруучулар Россиядан кийин мындай иш чараларды Европа өлкөлөрү, Кытай жана башка көптөгөн мамлекеттерде өткөрүүнү пландашууда. 

- Катышууга кызыккан компаниялар төмөнкү адрес боюнча байланышса болот: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 126, “Сфера” бизнес борбору, тел., 0508 55-00-11, 0708 55-00-11