> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Тулпар» жылдын инновациялык долбоору деп табылды
- URL: https://im.kg/all/2022/10/13/tulpar-zhyldyn-innovaciyalyk-dolbooru-dep-tabyldy/
- Published: 2022-10-13T15:46:13.000Z
- Updated: 2022-10-13T15:46:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**BPC KG компаниясы Улуттук инвестициялык агенттиктин алдындагы мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору тарабынан уюштурулган эл аралык конференцияда «Коомдук транспортто электрондук билеттер» долбоору үчүн сыйланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.**

> Эске салсак, BPC KG 2019-жылдан бери иштеп келе жатат. 2020-жылдын 1-мартынан тарта система коммерциялык ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө электрондук билет системасы бардык муниципалдык коомдук транспортторду камтыйт. Накталай эмес төлөмдөрдүн беш түрү киргизилип, “Тулпар” мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, аны 20 миңден ашык жаран колдонот.

Эл аралык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк конференциясы 5-6-октябрда Бишкекте Азия өнүктүрүү банкынын, Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык Экономикалык Комиссиясынын жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен өттү. 

***Кошумча окуңуз:***

[Эми коомдук транспортто «Тулпар» жана Visa карталары менен жол акысын төлөсө болот](http://localhost/info-portal/news/2021/08/04/emi-koomduk-transportto-tulpar-zhana-visa-kartalary-menen-zhol-akysyn-t-l-s-bolot/)

[1-июлдан баштап автобус менен троллейбустарда накталай акча кабыл алынбайт – карталар тууралуу маалымат](http://localhost/info-portal/news/2022/05/18/1-ijuldan-bashtap-avtobus-menen-trollejbustarda-naktalaj-akcha-kabyl-alynbajt-kartalar-tuuraluu-maalymat/)