> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Веткызмат «жең ичинен сүйлөшүп» шарп оорусуна каршы 67.5 млн сомго сертификатсыз вакцина сатып алган
- URL: https://im.kg/all/2022/10/13/vetkyzmat-zhe-ichinen-s-jl-sh-p-sharp-oorusuna-karshy-67-5-mln-somgo-sertifikatsyz-vakcina-satyp-algan/
- Published: 2022-10-13T12:48:44.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:36:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызмат поливаленттүү типтеги шарп оорусуна каршы вакциналарды “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамды бузуу менен сатып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.**

Алсак, аталган кызмат жабдып берүүчүнүн катынын негизинде жалпы суммасы **67 млн 560 миң сомго 2 млн доза** A Iran-2005, A Sea-97, O PanAsia-2, O Ind-2001, Asia-1 Sindh-08 алынган, бирок кат расмий түрдө аталган Кызматка келип түшкөн эмес жана белгиленген тартипте катталган эмес. 

> Мында, Веткызматтын кызмат адамдары кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу менен поливаленттүү типтеги шарпка каршы вакцинанын **Техникалык өзгөчөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизишкен**, ошону менен “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КРнын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен **бир гана жабдып берүүчү үчүн шарт түзүшкөн**. 

Ошондой эле жогоруда аталган вакцинаны Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департаменттен ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө **Техникалык регламенттин талаптарын бузуу менен каттоосуз жана сертификаттоосуз** сатып алышкан. 

Анда ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келбеген ветеринардык дары каражаттары шайкештик белгиси менен маркаланбашы керек жана рынокко жайгаштырууга жол берилбейт деп көрсөтүлгөн. **Сертификат продукциянын үлгүсүнө сыноо жүргүзүлгөндөн кийин жеткирүү башталганга чейин** берилет.

> “Мындан тышкары, КРнын аймагында «A Sea-97» жана «O Ind-2001» шарп түрлөрү расмий катталган эмес. Ошондой эле, Веткызматтын кызмат адамдары “В” деп аталган жабдып берүүчү тараптын кызыкчылыктарын көздөп, жүргүзүлгөн тендерден жана вакцина алып келинген кийин өздөрү мыйзамсыз түрдө Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын **каттоо жана сертификаттоо боюнча департаментке жогоруда аталган вакцинаны каттоого жана сертификациялоого арыз беришкен**, мында жабдып берүүчү өзү тендер өткөргөнгө чейин бул продукцияны каттоого жана сертификациялоого арыз берүүүгө тийиш”, – дейт прокуратура. 

Техникалык регламентке ылайык, каттоо жүргүзүүгө байланышкан бардык чыгымдар арыз ээси тарабынан төлөнөт, ал эми Веткызматтын бюджетинде бул чыгымдар каралган эмес. 

Мындан кийин, Департамент тарабынан бул вакцина Техникалык регламенттин **белгиленген талаптарына шайкеш келбейт** деген эксперттин корутундусун чыгарган жана шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган. Андыктан, аталган кызмат адамдарынын иш-аракеттеринен улам мамлекетке өзгөчө ири суммада зыян келтирилген. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

- Башкы прокуратурасынын Ишкерлердин укуктарын жана экологиялык мыйзамдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын ишеним телефондору (0312) 88-90-33, 0500 19-20-54.