> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылдан тартып унааларга видеокаттоону коюу милдеттендирилиши  мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2022/10/14/2025-zhyldan-tartyp-unaalarga-videokattoonu-kojuu-mildettendirilishi-m-mk-n/
- Published: 2022-10-14T16:26:36.000Z
- Updated: 2022-10-14T16:28:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**ИИМ бардык унаа ээлерин 2025-жылдан тарта унааларга видеокаттоо (видеорегистратор) орнотууну милдеттендирүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.**

ИИМ видеокаттоо орнотуу коомдук коопсуздукту чыңдоого жана айдоочулардын тартибин күчтөндүрүүгө шарт түзөрүн билдирүүдө.

> Мыйзам долбооруна ылайык, өзгөртүлгөн мыйзам **2025-жылдын 1-январынан тартып** күчүнө кириш керек. Демилгечилер бул аралыкта айдоочулар видеорегистратор сатып алууга жетишет деген пикирин билдиришти.  
>  

ИИМдин берген маалыматына ылайык, өткөн жылдан тартып, 2022-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргызстанда 11 миң 722 жол кырсыгы катталган. Андан 1 247 адам мерт кеткен. 18 миңден ашуун адам түрдүү жараат алган.