> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Астанада КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду
- URL: https://im.kg/all/2022/10/14/astanada-kmsh-mamleket-bashchylarynyn-ke-eshinin-zhyjynynda-bir-katar-dokumentterge-kol-kojuldu/
- Published: 2022-10-14T17:50:32.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:58:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.**

#### Алар:

1. 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине **төрагалык кылуу жөнүндө** (Эскертүү — КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө)
2. Аткаруу комитетинин төрагасы — **КМШ Аткаруу катчысы жөнүндө**
3. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин **кезектеги жыйынын өткөрүү** жөнүндө
4. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин өнүктүрүүдө КМШга мүчө-мамлекеттердин **Парламенттер аралык Ассамблеясынын ролу жөнүндө**
5. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алдында түзүлгөн **орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча** эл аралык уюм жөнүндө
6. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2024-жылды — Ыктыярчылар кыймылынын жылы, 2025-жылды — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы — Нацизмге каршы күрөшүүдөгү тынчтык жана биримдик жылы, 2026-жылды — **Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо** тууралуу
7. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Шайлоо органдарынын жетекчилеринин **консультативдик кеңешин түзүү тууралуу** макулдашуу жөнүндө
8. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин **коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу тууралуу** **макулдашуу** жөнүндө
9. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин 2023-2025-жылдарга карата **терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу** программасы жөнүндө
10. Эркин соода кызмат көрсөтүүлөрү, **инвестиция түзүү**, анын ишмердиги жана аны ишке ашыруу тууралуу **макулдашуунун долбоорун даярдоо** жөнүндө
11. 2024-жылы Санкт-Петербург шаарын (Россия Федерациясы) Шериктештиктин **маданий борбору** деп жарыялоо жөнүндө
12. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине Жамааттык **коопсуздук келишим уюмуна байкоочу макамын берүү** жөнүндө
13. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин **Адам укуктары боюнча комиссиясы** жөнүндө
14. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин **Ардак грамотасы менен сыйлоо** жөнүндө
15. КМШга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын **маданият чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу** билдирүүсү жөнүндө
16. КМШга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын **климат чөйрөсүндө кызматташуу** тууралуу билдирүүсү жөнүндө.