КР менен Бангладеш өз ара дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн ачууга кызыкдар
Кечээ, 13-октябрда Астана шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин VI Саммитинин алкагында КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Бангладеш Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Абдул Момен менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл IT-секторунда, текстиль жана тигүү тармагында биргелешкен ишканаларды түзүүгө, туризмди өнүктүрүүгө, парламенттер аралык байланыштарды түзүүгө, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө бурулду.
“Министр Кулубаев Кыргызстандын ВСП+ (Жалпы преференциялар системасы – ЖПС) макамы бар экенин, анын жардамы менен Европа биримдигине кирген өлкөлөргө Кыргызстан 6 миңден ашуун товардык позициялар боюнча кошумча төлөмсүз экспортоого мүмкүндүгү бар экенин белгилеп, Бангладеш тарапты ВСП+ макамынын жеңилдиктерин колдонууну карап чыгууга чакырды”, – деп билдиришти министрликтен.
Бангладеш тарап өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын билдирип, эки мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн өз ара ачууну сунуштады. Эки тарапты тең кызыктырган актуалдуу эл аралык кѳйгѳйлѳр боюнча да пикир алмашуу болду.
Кулубаев 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине КРнын талапкерлигин колдогондугу үчүн Бангладеш тарапка ыраазычылык билдирди.