> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы төлөөчүлөрдү акысыз тейлеш керек - болбосо иштен айдалат
- URL: https://im.kg/all/2022/10/14/salyk-organdary-t-l-ch-l-rd-akysyz-tejlesh-kerek-bolboso-ishten-ajdalat/
- Published: 2022-10-14T12:26:43.000Z
- Updated: 2022-10-14T12:27:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы (МСК) аймактык салык органдарына Бирдиктүү терезелерге кайрылган төлөөчүлөргө иш регламентинде белгиленгендей акысыз негизде гана кызмат көрсөтүүнү тапшырганын билдирди.**

Акысыз кызмат көрсөтүүгө **маалымкаттарды** жана **чечимдерди берүү, отчеттун формаларын басып чыгаруу, документтерди ксерокөчүрмөсүн берүү жана башкалар** кирет.

Мындан тышкары, аймактык салык органдарынын имараттарына салык төлөөчүлөргө акы төлөө негизинде кызмат көрсөтүүчү башка уюмдарды, ишкерлерди же жеке жактарды (салыктардын жана төлөмдөрдүн суммасын кабыл алган финансы-кредиттик мекемелерден тышкары) жайгаштырбоо тапшырылды.

> Салык кызматкерлери тарабынан **кандайдыр бир кызмат көрсөткөндүгү үчүн акча каражаттарын алуу**, ошондой эле салык органынын имаратында башка уюмдар жана ишкерлер тарабынан акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү фактысы аныкталган учурда, **жетекчилерге карата жумуштан бошотууга чейинки тартиптик жаза** чаралары көрүлөт.

> “Салык кызматына кайрылган ар бир салык төлөөчү акысыз негизде салыктык кызмат көрсөтүүнү, анын ичинде консультациялык кызматты пайдаланууга укуктуу. Ар бир салыкчы “салык кызматы – салык төлөөчүнүн кызыкчылыгы үчүн” принцибин бекем карманып, аларга салык милдеттенмелерин өз убагында жана толук өлчөмдө аткаруусуна жардам бериши керек”, – дейт МСКнын төрагасы Абдувапов.

- Мамлекеттик салык кызматы салыкчылардын мыйзамсыз иш-аракеттери байкалган учурда салык төлөөчүлөрдү **(0312)613189, (0779)613189 (Whatsapp)** ишеним телефонуна кайрылууга чакырат, анда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт.