> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде Тажикстандан 2.7 млн доллар аткезчилик жол менен алып келген жаран кармалды
- URL: https://im.kg/all/2022/10/17/batkende-tazhikstandan-2-7-mln-dollar-atkezchilik-zhol-menen-alyp-kelgen-zharan-karmaldy/
- Published: 2022-10-17T17:54:28.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:11:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР УКМКнын маалымат кызматы Баткенде чоң суммадагы акча каражатын Тажикстандан аткезчилик жол менен алып келген жаран кармалганын билдирди.**

5-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айылында экономикалык контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Баткен районунун Кара-Бак айылында туулган (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү), КР жараны 1981-жылы туулган Т.А.М. башкаруусундагы мамлекеттик номуру О9240AG «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа кармалган. 

> Унааны тинтүү учурунда жүк салгычынан, желим баштыктарга таңгакталып жана скотч менен оролгон **6 брикет**, **Тажикстан Республикасынан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң АКШ доллары** өлчөмүндөгү акча каражаты табылып алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар болушу мүмкүн болгон 4 КРнын жараны кармалып, Баткен облусунун ИИМдин убактылуу кармоочу жайына камалды. 

Топтолгон материалдардын негизинде КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси 4-бөлүмүндө (Экономикалык контрабанда) боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери козголгон.