> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эгерде жаран жумушсуз калса, Соцфонд үч айга чейин 7 миң сомдон төлөп бере алат
- URL: https://im.kg/all/2022/10/17/egerde-zharan-zhumushsuz-kalsa-socfond-ch-ajga-chejin-7-mi-somdon-t-l-p-bere-alat/
- Published: 2022-10-17T11:58:14.000Z
- Updated: 2022-10-17T12:08:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эгерде жаран жумушсуз калса, Соцфонд үч айга чейин 7 миң сомдон төлөп бере алат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрдагы Социалдык саясат боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=Ix604R6oR78) Соцфонддун төрагасы Бахтияр Алиев билдирди.**

Анын айтымында, жарандын келечектеги чогулган пенсиясынын **2%ы 50 миң сомдон ашса**, аны ипотекалык насыяга биринчи төлөм катары же насыяны жапканга алса болот.

> “Мындан тышкары, биз дагы бир элемент киргиздик. Эгерде жаран жумушсуз калса, анда үч айга чейин 7 миң сомдон төлөп бере алабыз. Ошондой эле ошол эле акчаны башка өлкөгө көчүп кетип жаткан учурда, онкологиялык оору менен ооруп калганда же жүрөгүнөн операция болгон учурларда ала алышат”, – деди ал.

Белгилей кетсек, пенсия үч бөлүктөн турат – базалык, социалдык камсыздоо жана топтомо бөлүгү. Жогоруда аталган ипотекага же ооруларга берилчү каражаттар дал ушул пенсиянын топтомо бөлүгүнөн берилет. 7 миң сом өлчөмү дагы Кыргызстандагы учурдагы жашоо минимумуна карата эсептелген.

2022-жылдын III кварталындагы орточо эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимуму жалпы республика боюнча 7 242 сомду [түзгөн](http://localhost/info-portal/news/2022/10/14/kyrgyzstanda-zhashoo-minimumu-7242-somdu-t-zd/).