Эгерде жаран жумушсуз калса, Соцфонд үч айга чейин 7 миң сомдон төлөп бере алат

Эгерде жаран жумушсуз калса, Соцфонд үч айга чейин 7 миң сомдон төлөп бере алат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрдагы Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында  Соцфонддун төрагасы Бахтияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, жарандын келечектеги чогулган пенсиясынын 2%ы 50 миң сомдон ашса, аны ипотекалык насыяга биринчи төлөм катары же насыяны жапканга алса болот.

“Мындан тышкары, биз дагы бир элемент киргиздик. Эгерде жаран жумушсуз калса, анда үч айга чейин 7 миң сомдон төлөп бере алабыз. Ошондой эле ошол эле акчаны башка өлкөгө көчүп кетип жаткан учурда, онкологиялык оору менен ооруп калганда же жүрөгүнөн операция болгон учурларда ала алышат”, – деди ал.

Белгилей кетсек, пенсия үч бөлүктөн турат – базалык, социалдык камсыздоо жана топтомо бөлүгү. Жогоруда аталган ипотекага же ооруларга берилчү каражаттар дал ушул пенсиянын топтомо бөлүгүнөн берилет. 7 миң сом өлчөмү дагы Кыргызстандагы учурдагы жашоо минимумуна карата эсептелген.

2022-жылдын III кварталындагы орточо эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимуму жалпы республика боюнча 7 242 сомду түзгөн.