> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экс-депутат Азамат Арапбаев ӨКМдин тик учагы менен Чаткалга тойго барды - фактчек
- URL: https://im.kg/all/2022/10/17/eks-deputat-azamat-arapbaev-kmdin-tik-uchagy-menen-chatkalga-tojgo-bardy-faktcheking/
- Published: 2022-10-17T15:04:24.000Z
- Updated: 2022-10-18T13:27:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“ПолитКлиника” порталынын журналисттери экс-депутат Азамат Арапбаев ӨКМдин тик учагы менен Чаткалга тойго барганын аныктаган [фактчек-макаласын](https://pk.kg/news/inner/kmdin-tik-uchagy-menen-azamat-arapbaev-chatkalga-tojgo-bargany-chyndyk/?fbclid=IwAR3X1KrvEizVJjbE14xi5CpMlsyGPqnrfMrHsdiXYx4KgH0k52%5Fp2ayNy84) жарыялады.**

Ийгилик Тургуналиев аттуу Фейсбук колдонуучусу “МЧСке келген вертолёт жеке кызматтарга (тойлорго) колдонулуп жатканы туура эмес го” деген билдирүү калтырган. Андагы маалыматка караганда, бул тик учак менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Азамат Арапбаев Чаткалга кайын атасынын тоюна барган. 

> “ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көргөн жана аталган порталдын материалы төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

**Flightradar24** учактарды байкоо сервисинин маалыматына караганда, ӨКМдин борт номуру **EX-88010** болгон тик учагы 16-октябрда Бишкектен саат 08:34тө чыгып, Чаткал районунун аймагына саат 10:44 чамаларында кирип бараткан. Андан кийин радар маалыматты көрсөтпөй калган. 

![ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык ](https://lh4.googleusercontent.com/5sbutzQTtvNec-pQQhXLKEc8jvoY3bN35y-88cYCohF5VtXSY948v63-JkCr2JLH7u8me1mggCRq1FE61TT6m3JCwCHhXY1dtMOMuZhfoFkdhNnn9cr9tg_8jwnsS2VLlphWY0zP5qGZ3d-MJJneHN0yHfta6ML4O31Fnb6xDWer4NyOCx8JILwMqw)

![ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык ](https://lh4.googleusercontent.com/FHq-iJNZFv3jcPY_MiO6Dx_IyXTlzlRhU4Mt5O_4KN7T3mO_6UDJnd522IBEctHw1e6nkaRIEUZ4yDdJBOWWqm8nZcG47CdoeC1o8fM8NwKcbt4z646fBNzEk_k_jh9Klv8CClPyH79iyi9Z-asF-6eOXlAMp93QWxNWS0W4QjWekLAfIiu1J9bcig)

Аталган тик учак кайра ошол эле күнү, саат 18:00 чамаларында Бишкекке келип конгон. 

![ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык ](https://lh3.googleusercontent.com/WJG_g5nkWfUmSn6RDIhhDwnr-ccx3mVcyDIilK2i-WlSyym2o-RGlwsS8Ngj1-ZiQRzsxRewnfESCRsiisUYTNabxdyrDJA6YMzWz1dMJqRBaMt3UI0YR4DE3-NCYNrx6lkERwMN_hzgwJqbqee_gquB88rQN4pkDABKvD7-9ZFe8Bpn1DYAxPllFg)

![ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык ](https://lh4.googleusercontent.com/2GTpvqqyufe1CMzwDslhIJ_vVJJEeZWhbpxBRz7OPbrWso2rxK86WTmtMnL0q98YUbC97yHFEtAc3eBusIpYAu7t8e4gAA3wZ97cTh_BQuXkOi88XY_LKvavli0a_DCzwWQdwecHm9ULeclAnzCvZ1gdupIEPZCAhvZ6_iyaWOoM9RKdvyN42LJj_g)

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жылдын 13-августунда атайын техникаларды [алган](https://www.azattyk.org/a/31986250.html). Алардын арасында бир **Airbus H-125** үлгүсүндөгү тик учак бар, ага **EX-88010** борт номуру ыйгарылган. Президент Садыр Жапаровдун айтымында, бул тик учак издөө, куткаруу жана байкоо иштерине мүмкүнчүлүк түзүп[ бермек](https://fb.watch/gcHLwa5ShN/). Демек, Flightradar24 көргөзүп жаткан тик учак ӨКМге тиешелүү экендиги анык. 

![ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык ](https://lh5.googleusercontent.com/iPoJCycrk0v4jjqL3UpRRpT_LNrKwk8tLT59YUBlhOgqSSepxI2-QAUrglxz8QBEEuZrzQ1IzfOcDS8frTjZN9JZZbvYYveNG05dmP1EtrgviUDyjU-lnpkFhBotCiUihGjg55PmqfzR88cw6riRHjwoVqWgeQe_8cUynm6zFUbjZaYLg_a0AmAQ0g)

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, бул тик учак «[Еврокоптер Казахстан инжиниринг](https://eurocopterke.kz/products)” компаниясынан **280 млн сомго сатылып алынган**.

![ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык ](https://lh6.googleusercontent.com/NLU3_RmJjYWhouj8s4hhDZQxA6P5LqzWgQPFVseFqOy_zneOGsk0ipupmMGw4klRaGOaPzqSN9BrZ-PcQdVsKtwPLDVqMGABNOvhLxwXA_64kH5vQOFsie0bgX0RalJUc8o1_hpwxrDLVQ-DBFP5Vkkq7zXKdgDFhJDLITzRKkalovISoRC7pC-3zA)

Социалдык тармактагы комментарийлерде Азамат Арапбаев Чаткалга, кайын атасынын тоюна келгендиги [айтылууда](https://www.facebook.com/100015562233030/videos/790317742069616/). Тойго барган коноктор социалдык тармактарда бөлүшкөн видеолордон Арапбаевди да көрүүгө болот.

![ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык ](https://lh3.googleusercontent.com/iMWD_gnOFDe5n4F5EEQch_lNgSTO_zucIPaHFleKWOmrwq06-fqC2uzDvyUVCzqeO4xInlzdCxMPzKSYs6eVdfS3cjQGmK-b89Jkdmp6i8c2HNO-lhVhFjy_8kfW-wNN9Y2SAouK-sdazh8GtLHxk_tEpCq_ztsAdvOXpl8PrvvENKSJWV7w7YNpsQ)

![ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык ](https://lh5.googleusercontent.com/iG3JeUnfYsNWAUncyMmiH9lVyNUxRwcew7MpqI83L28IeAZYL1YeJYBwdo4DjU_xDdySUxprCcteO0SA3YKOlTz_t1i5MH0GWr-5G04MkwlJwIauUcDajI6Nd2CVZUcAbfkc1rHxy3__H2K5eUMkem03Yaxd6Y1KKo15GtUX6mEYmZBdmhCIvdekgA)

**Азамат Арапбаев деген ким?**

“Тазабек” маалымат порталы 2017-жылы Азамат Арапбаевди Кыргызстандын эң бай адамдарынын катарына [киргизген](https://www.tazabek.kg/news:1394940). Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин IV-VI чакырылыштарынын депутаты болгон. Буга чейин Азамат Арапбаев уулуна чоң той берип, коомчулуктун көңүлүн [бурдурган](https://kaktus.media/doc/462106%5Fazamat%5Farapbaev%5Figraet%5Fsvadby%5Fsyna%5Fv%5Fgolf%5Fklybe%5Fbliz%5Fbishkeka.html) эле. Ал тойго америкалык актер Стивен Сигал да келген. 

![ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык ](https://lh3.googleusercontent.com/h6f2OkpXKYghPd5TDHAsDDOC-u0PXzh0hVMk1uJWBkkhgq96IZFsj21hpZgHw21ZubeaeYAncr2fvsdDYTsa5j2_m_BQTh0yuXivFesU6RYZ-tMZIm_1uPjZuIo2bQoIZ5R9vDoV1wE_-Ah7rRoDqy5EaB7xFIMIooITlYPyVkJfn6zrPqMGNDvm0A)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине “Бул тик учак ижарага берилеби?” деген суроо менен кайрылганыбызда, бул боюнча саат 14:00дө боло турган министр Бообек Ажикеевдин маалымат жыйынында тактоого мүмкүн экенин билдирди. 

> **Жыйынтык:** Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилген тик учак Чаткалга баргандыгы чындык. Бул тик учак менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Азамат Арапбаев барган.