> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Караколдо ар бири 30 миң доллар турган беш даараткана курулат
- URL: https://im.kg/all/2022/10/17/karakoldo-ar-biri-30-mi-dollar-turgan-besh-daaratkana-kurulat/
- Published: 2022-10-17T16:45:26.000Z
- Updated: 2022-10-17T16:49:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти Каракол шаарындагы коомдук дааратканаларды куруу үчүн мамлекеттик сатып алуулар сайтында тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12.9 млн сомду (157 миң доллар) түзөт.**

> Тендер 14-октябрда жарыяланган, подрядчылардын сунуштары 19-октябрга чейин кабыл алынат. Келишим түзүлгөндөн кийин подрядчы эки айдын ичинде курулушту бүтүрүшү керек.

Берилген маалыматка ылайык, беш ажаткананын үчөө Тагай бий, Пушкин жана ак кайың парктардын аймагына курулат.