Караколдо ар бири 30 миң доллар турган беш даараткана курулат

Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти Каракол шаарындагы коомдук дааратканаларды куруу үчүн мамлекеттик сатып алуулар сайтында тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12.9 млн сомду (157 миң доллар) түзөт.

Тендер 14-октябрда жарыяланган, подрядчылардын сунуштары 19-октябрга чейин кабыл алынат. Келишим түзүлгөндөн кийин подрядчы эки айдын ичинде курулушту бүтүрүшү керек.

Берилген маалыматка ылайык, беш ажаткананын үчөө Тагай бий, Пушкин жана ак кайың парктардын аймагына курулат.