> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» аэропортунда Пакистандан мыйзамсыз келген учак табылды
- URL: https://im.kg/all/2022/10/17/manas-aeroportunda-pakistandan-myjzamsyz-kelgen-uchaktabyldy/
- Published: 2022-10-17T09:39:32.000Z
- Updated: 2022-10-17T09:39:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө «Манас» аэропортунда мыйзамсыз келген учак табылган. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.**

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылдын 14-декабрында **Рахимярхан (Пакистан) – Бишкек каттамы** боюнча КРнын аймагына «В» компаниясына таандык (инициалдар өзгөртүлгөн) **ИЛ-76 аба учагы** келгени аныкталган.

Бул аба учагы КРнын улуттук каттоо белгисин ыйгаруу менен жарандык авиация органдарында катталган жана жарандык аба учактарынын реестрине киргизилген.

> “ЕАЭБдин бажы мыйзамдарына ылайык, аба учагы КРнын аймагына келгенден кийин андан ары белгилүү бир бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен бажы операцияларын өткөрүү каралган.

> Бирок бул аба учагы боюнча бажы операциялары жана башка бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу жүргүзүлгөн эмес. Мамлекетке **10.6 млн сом** зыян келтирилген”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.