> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы эми алкоголдук рынокту жана тамеки буюмдарын жүгүртүүнү көзөмөлдөбөйт
- URL: https://im.kg/all/2022/10/17/salyk-kyzmaty-emi-alkogolduk-rynoktu-zhana-tameki-bujumdaryn-zh-g-rt-n-k-z-m-ld-b-jt/
- Published: 2022-10-17T14:35:43.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:20:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаары, түндүк жана түштүк аймактары боюнча алкоголдук рынокту жана тамеки буюмдарын жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча башкармалыгын жоюу жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди.**

> Бул чечим министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин түзүлгөндүгүнө байланыштуу болду, анткени анын карамагына жоюлуп жаткан башкармалыктын функциялары өттү.

Кредиторлордун арыздары 2022-жылдын 8-декабрына чейинки мөөнөттө төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 219, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы.

***Кошумча окуңуз:***

[Мамлекеттик монополия ишке кирди — «Кара-Балта спирт заводу» иштей баштады](http://localhost/info-portal/news/2022/09/02/mamlekettik-monopoliya-ishke-kirdi-kara-balta-spirt-zavodu-ishtej-bashtady/)

[Алкоголсуз суусундуктарга акциздин ставкасы он эсеге азайтылды — бирок январдан баштап көтөрүлөт](http://localhost/info-portal/news/2022/08/02/alkogolsuz-suusunduktarga-akcizdin-stavkasy-on-esege-azajtyldy-birok-yanvardan-bashtap-k-t-r-l-t/)

[Кара-Балта спирт заводу этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сатууга өзгөчө укук алат](http://localhost/info-portal/news/2022/07/27/kara-balta-spirt-zavodu-etil-spirtin-nd-r-g-importtoogo-satuuga-zg-ch-ukuk-alat/)

[1-сентябрдан баштап этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга 100% мамлекеттик монополия киргизилет](http://localhost/info-portal/news/2022/07/12/1-sentyabrdan-bashtap-etil-spirtin-nd-r-importtoo-saktoo-zhana-satuuga-100-mamlekettik-monopoliya-kirgizilet/)