Салык кызматы эми алкоголдук рынокту жана тамеки буюмдарын жүгүртүүнү көзөмөлдөбөйт
Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаары, түндүк жана түштүк аймактары боюнча алкоголдук рынокту жана тамеки буюмдарын жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча башкармалыгын жоюу жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди.
Бул чечим министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин түзүлгөндүгүнө байланыштуу болду, анткени анын карамагына жоюлуп жаткан башкармалыктын функциялары өттү.
Кредиторлордун арыздары 2022-жылдын 8-декабрына чейинки мөөнөттө төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 219, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы.
Кошумча окуңуз:
Мамлекеттик монополия ишке кирди — «Кара-Балта спирт заводу» иштей баштады
Алкоголсуз суусундуктарга акциздин ставкасы он эсеге азайтылды — бирок январдан баштап көтөрүлөт
Кара-Балта спирт заводу этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сатууга өзгөчө укук алат