Соцфонд 195 млн сомду мыйзамсыз иштеткен - Эсеп палатасы

2021-жылы Соцфонддун бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында фонддо 195 млн сом каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Эсеп палатасынын өкүлү Мукаш Арзыбаев бүгүн, 17-октябрдагы Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Арзыбаев баяндамасында, Соцфонд каражаттарды чыгымдоодо 10 млн 555 миң сом кетиргенин айтты.

“Негизсиз төлөнгөн эмгек акы – 9 млн сомду түзгөн. Соцфонддун башкармалыгынын мүчөлөрү жоопту иштерди аткаргандыгы үчүн үстөк акыларды төлөө боюнча 50% ашыкча эсептелген. Мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билгендиги үчүн 1.1 млн сом суммасындагы үстөк акы эсептелген”, – деди ал.

Ошондой эле ал бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү тартиби сакталбастан, мекеме жетекчиси тарабынан 1.1 млн сом суммасындагы акча каражаты бекитилген чыгымдарга киргизилген. Бирок кийин аудиттин ишинин жүрүшүндө калыбына келтирилген.

“Соцфонддун Аламүдүн райондук социалдык төлөө башкармалыгы тарабынан пенсионер каза болгондон кийин 13 ай бою банктык карточкага 76.4 миң сом суммасында акча чегерилген. Андан 54 миң сом кайтарылган. Андан калган 22 миң сом пенсияны ашык төлөө боюнча дебитордук карызга киргизилген эмес. Аудиттин жыйынтыгында кайрадан кайтарылды”, – деди аудитор.

Жыйында баяндама жасаган Мукаш Арзыбаев Соцфонддогу бир катар мыйзам бузууларды санап чыгып, жалпысынан фонддо 195 млн 936 миң сомдук каржылык бузуулар болгонун билдирди.