> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 15%га көбөйүшү мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2022/10/18/2023-zhyly-pensiyanyn-kamsyzdandyruu-b-l-g-15-ga-k-b-j-sh-m-mk-n/
- Published: 2022-10-18T14:41:34.000Z
- Updated: 2022-10-18T14:42:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 15%га жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу маалымат жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, Соцфонд 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүүгө **1.5 млрд сом** бөлүүнү көздөп жатат.

> «Пенсиялардын базалык бөлүгүн көтөрүү 2023-жылдын бюджети бекитилгенден кийин белгилүү болот. Алгач орточо айлык, андан кийин пенсиянын орточо өлчөмү эсептелинет», – деди Улан Жума уулу.

Кошумчалай кетсек, Соцфонддун өкүлдөрү 2022-жылдын октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 3 миң сомго чейин көтөрүлгөнүн, ал эми республика боюнча орточо пенсиянын көлөмү 8 миң 800 сомду түзгөнүн белгилешти.

Эскерте кетсек, пенсия үч бөлүктөн турат – базалык, социалдык камсыздоо жана топтомо бөлүгү.

***Кошумча окуңуз:***

[Эгерде жаран жумушсуз калса, Соцфонд үч айга чейин 7 миң сомдон төлөп бере алат](http://localhost/info-portal/news/2022/10/17/egerde-zharan-zhumushsuz-kalsa-socfond-ch-ajga-chejin-7-mi-somdon-t-l-p-bere-alat/)

[Соцфонд 195 млн сомду мыйзамсыз иштеткен — Эсеп палатасы](http://localhost/info-portal/news/2022/10/17/socfonddo-195-mln-somduk-karzhylyk-buzuular-anyktaldy-esep-palatasy/)

[10-октябрдан тартып пенсия көбөйтүлгөн суммада берилип баштайт](http://localhost/info-portal/news/2022/10/07/10-oktyabrdan-tartyp-pensiya-k-b-jt-lg-n-summada-berilip-bashtajt/)

[Пенсиялык фондуңузда канча акча бар экенин телефондон текшерип көрсөңүз болот — нускама](http://localhost/info-portal/news/2022/10/06/pensiyalyk-fondu-uzda-kancha-akcha-bar-ekenin-telefondon-teksherip-k-rs-z-bolot-nuskama/)