2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 15%га көбөйүшү мүмкүн
Кыргызстанда 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 15%га жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Соцфонд 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүүгө 1.5 млрд сом бөлүүнү көздөп жатат.
«Пенсиялардын базалык бөлүгүн көтөрүү 2023-жылдын бюджети бекитилгенден кийин белгилүү болот. Алгач орточо айлык, андан кийин пенсиянын орточо өлчөмү эсептелинет», – деди Улан Жума уулу.
Кошумчалай кетсек, Соцфонддун өкүлдөрү 2022-жылдын октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 3 миң сомго чейин көтөрүлгөнүн, ал эми республика боюнча орточо пенсиянын көлөмү 8 миң 800 сомду түзгөнүн белгилешти.
Эскерте кетсек, пенсия үч бөлүктөн турат – базалык, социалдык камсыздоо жана топтомо бөлүгү.
Кошумча окуңуз:
Эгерде жаран жумушсуз калса, Соцфонд үч айга чейин 7 миң сомдон төлөп бере алат
Соцфонд 195 млн сомду мыйзамсыз иштеткен — Эсеп палатасы
10-октябрдан тартып пенсия көбөйтүлгөн суммада берилип баштайт
Пенсиялык фондуңузда канча акча бар экенин телефондон текшерип көрсөңүз болот — нускама