> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Бакай Банк», «Дос-Кредобанк» жана «Компаньон» россиялык «Мир» карталарын тейлөөнү токтотту
- URL: https://im.kg/all/2022/10/18/bakaj-bank-dos-kredobank-zhana-kompanon-rossiyalyk-mir-kartalaryn-tejl-n-toktottu/
- Published: 2022-10-18T14:30:56.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:41:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын үч коммерциялык банкы Россиянын “Мир” төлөм системасынын карталарын тейлөөнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган банктардын басма сөз кызматы билдирди.**

Эске салсак, “Компаньон” банкы биринчилерден болуп Россиянын айрым банктарынын “Мир” карталарын тейлөөнү токтотуп жатканын [билдирген](https://economist.kg/novosti/2022/10/14/bank-kompanon-priostanovil-obsluzhivanie-kart-mir/).

Кийинчерээк “Бакай Банк” менен “Дос-Кредобанк” дагы УТКС (Улуттук төлөм карта системасы) “Мир” карталарын банк аппараттарында кабыл алууну жана тейлөөнү токтотконун жарыялашкан.

> Улуттук банктын билдирүүсүнө ылайык, өлкөнүн коммерциялык банктары кайсы төлөм системасы менен кызматташууну өздөрү чечет.

Белгилей кетсек, буга чейин “Мир” төлөм системасынын төрт өнөктөш өлкөнүн – Казакстандын, Армениянын, Түркиянын жана Вьетнамдын банктары алардын карталарын тейлөөдөн баш тартышкан. Кошумчалай кетсек, техникалык себептерден улам тейлөө убактылуу токтотулганын Өзбекстан да [кабарлаган](https://economist.kg/novosti/2022/09/23/v-uzbekistane-priostanovili-obsluzhivanie-rossijskih-kart-mir/).