> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен облусунда жабыркагандарга ачылган атайын эсептен 63.4 млн сом сарпталды
- URL: https://im.kg/all/2022/10/18/batken-oblusunda-zhabyrkagandarga-achylgan-atajyn-esepten-63-4-mln-som-sarptaldy/
- Published: 2022-10-18T17:25:34.000Z
- Updated: 2022-10-18T17:28:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 18-октябрына карата Баткен облусунда жабыркагандарга ачылган атайын эсептен 63 млн 450 миң сом коротулду. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Ошондой эле эсепте **268 млн 967 миң сом** калдык бар. 

> Министрлик бул Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунда үйү күйүп кеткен жабыркаган жарандарга бир жолку компенсация түрүндө берилерин эскертет.

Баткен облусундагы абалды калыбына келтирүүнүн алкагында Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп, **640** турак үйдү оңдоо, кайра курула тургандыгын аныкташкан. Анын ичинен 423ү жашоого жараксыз, 217си оңдоп-түздөөгө муктаж абалда.

> Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.