> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамматрезервдер фонду мамлекетке 724 млн сом зыян келтирди
- URL: https://im.kg/all/2022/10/18/mammatrezervder-fondu-mamleketke-724-mln-som-lch-md-g-t-z-zyyan-keltirdi/
- Published: 2022-10-18T10:23:39.000Z
- Updated: 2022-10-18T10:24:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамматрезервдер фонду үрөн жана жер семирткич сыяктуу категориялар боюнча эле мамлекетке 724 млн сом өлчөмдөгү түз зыян келтирген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.**

Кечээ, 17-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин көчмө жыйынында депутаттар Мамматрезервдер фондунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Талкуунун жүрүшүндө комитет депутаттары азык-түлүк жана гуманитардык коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик материалдык резервдин негизги каражаттарын башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча маселелерди көтөрүштү.

> “Ал эми депутат Султанбай Айжигитов мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдардын бузулушу тууралуу сөз кылып, фонддун жооптуу адамдарынын аракеттерине **укуктук баа берүүнү** сунуштады. Анын айтымында, үрөн жана жер семирткич сыяктуу категориялар боюнча гана **мамлекетке 724 млн сом өлчөмдөгү түз зыян** келтирилген”, – деп айтылат маалыматта.