Мамматрезервдер фонду мамлекетке 724 млн сом зыян келтирди

Мамматрезервдер фонду үрөн жана жер семирткич сыяктуу категориялар боюнча эле мамлекетке 724 млн сом өлчөмдөгү түз зыян келтирген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 17-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин көчмө жыйынында депутаттар Мамматрезервдер фондунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Талкуунун жүрүшүндө комитет депутаттары азык-түлүк жана гуманитардык коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик материалдык резервдин негизги каражаттарын башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча маселелерди көтөрүштү.

“Ал эми депутат Султанбай Айжигитов мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдардын бузулушу тууралуу сөз кылып, фонддун жооптуу адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүүнү сунуштады. Анын айтымында, үрөн жана жер семирткич сыяктуу категориялар боюнча гана мамлекетке 724 млн сом өлчөмдөгү түз зыян келтирилген”, – деп айтылат маалыматта.