> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Оптима Банк», «БАКАЙ БАНК» жана «Айыл Банктын» жетекчилик кызматтарында өзгөрүүлөр болду
- URL: https://im.kg/all/2022/10/18/optima-bank-bakaj-bank-zhana-ajyl-banktyn-zhetekchilik-kyzmattarynda-zg-r-l-r-boldu/
- Published: 2022-10-18T09:30:37.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:55:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк «Оптима Банк», «БАКАЙ БАНК» жана «Айыл Банк» ААКтарынын жетекчилик кызматтарына сунушталган талапкерлерди жактырды. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымат берилди.** 

Улуттук банк **«Оптима Банк»** ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган **Сайлыбаев Максат Боранбайевичтин** талапкерлигине 2022-жылдын 13-октябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

Ошондой эле ушул эле күнү Улуттук банк **«Айыл Банк»** ААКтын Башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган **Эржанов Максат Советбековичтин** талапкерлигине макулдук берди. 

Регулятор **«БАКАЙ БАНК»** АККтын Башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган **Алыбаев Нурдин Иризбаевичтин** талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.