Ош шаарына Өзбекстандан 50 автобус келди - ар бири 37 миң доллар турат

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында Өзбекстандан келген 50 автобусту расмий тапшыруу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

“Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фонду менен жүргүзүлгөн жумуштардын натыйжасында, Өзбекстандын Самарканд шаарындагы “СамАвто” автозаводунун өндүрүшүндөгү ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү 50 автобус сатылып алынган.

“Бул автобустар күйүүчү майды аз сарптагандыгы, техникалык мүнөздөмөсүнүн жөнөкөйлүгү жана баасы дагы жөндүү болгондугунан улам, биздин шаарыбыз үчүн ыңгайлуу болууда. Жаңы алынып келинген автобустар шаардыктардын суроо талаптарын эске алуу менен, эң керектүү болуп жаткан аймактарга, атайын комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгынын негизинде 4 муниципалдык каттамдарга бөлүштүрүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, автобустардын баасы 37 миң доллардан бааланган. Алардын ар бири 38 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Эки күн ичинде бул автобустар линияга чыгарылышы күтүлүүдө.

Ал үчүн шаардын төмөнкү аймактарына 4 жаңы шаардык маршруттук линиялар иштелип чыккан: Жапалак айыл аймагы, Туран жана Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыктары.

Жаңы коомдук транспортторго да BUS Service мобилдик тиркемеси орнотулуп, жүргүнчүлөр жол жүрүүсүн алдын ала пландоосуна шарт түзүлгөн. Автобустардын жол акысы накталай төлөм учурунда – 10 сом, накталай эмес электрондук төлөм жүргүзсө – 8 сом деп белгиленген

Кошумча окуңуз:

Ошто коомдук транспортторго спутниктик мониторинг жүргүзгөн OSHBUS системасы киргизилди — жүргүнчүлөр каттамдарды онлайн көрүп турушат