> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 12 миң мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы боюнча материалдар прокуратурага берилди - МСК
- URL: https://im.kg/all/2022/10/19/12-mi-mamlekettik-kyzmatkerlerdin-deklaraciyasy-bojuncha-materialdar-prokuraturaga-berildi-msk/
- Published: 2022-10-19T13:33:14.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:01:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациялары боюнча 12 миңден ашуун материалды прокуратурага өткөрүп бергенин кабарлады.**

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 2021-жылдагы салык декларацияларын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча иштердин алдын ала жыйынтыктарын чыгарды.

Талдоонун жыйынтыгында **декларацияланган активдер менен башка булактардан алынган маалыматтардын ортосунда айырмачылыктары бар** декларанттар боюнча тиешелүү корутундулар прокуратура органдарына берилип, башка мыйзам бузуулар да аныкталган.

> “Юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына **12 миң 844** мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге карата маалыматтар жана корутундулар берилген.

> Анын ичинен 5300 декларант декларация тапшырган жок, 1792си мыйзамда белгиленген мөөнөттү бузуу менен, ал эми 5752си анык эмес маалыматтар менен тапшырган”, – дейт Салык кызматы.

Жалпысынан 2022-жылдын 1-октябрына карата салык органына 58 миң 930 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациялары электрондук түрдө тапшырылган. 4886 адам такталган декларацияны 30-июнга чейин тапшырышкан.

---

Эске салсак, 1-апрелде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктап, 30-июнга чейин алар такталган декларацияны тапшырууга укуктуу болчу.

Декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын текшерүү үчүн КР Улуттук банкынан, коммерциялык банктардан эсептешүү жана башка эсептердин бар экендиги, ошондой эле мамлекеттик органдардан компаниялардын уставдык капиталында үлүштүн, акциялардын жана баалуу кагаздардын ж. б. болушу жөнүндө суроо-талаптар жөнөтүлгөн жана тиешелүү маалыматтар алынган.

***Кошумча окуңуз:***

[Минкаб декларация тапшыруу боюнча өзгөртүлүп жаткан мыйзам долбоорун парламентке алып чыкты](http://localhost/info-portal/news/2022/10/18/minkab-deklaraciya-tapshyruu-bojuncha-zha-y-myjzam-dolboorun-parlamentke-alyp-chykty/)