2022-жылы адам сатуу боюнча беш факт катталган - экөө жаш бала

2022-жылы адам сатуу боюнча беш факт катталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Жыйында депутат Дастан Бекешев быйыл адамдарды сатууга байланышкан канча кылмыш иши козголгонуна кызыкты.

“Былтыркы жылдын эсебинен тогуз факт боюнча иш козголгон. Ал эми 2022-жылы ушул убакка чейин беш факты боюнча иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат”, – деген Абдиев быйыл катталган 5 фактынын ичинен бирөө ымыркайды сатуу, бирөө жашы жете элек өспүрүмдү сатуу боюнча экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Белгилүү болгондой, мыйзам долбоору адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү механизмдерин өркүндөтүү, мыйзамдын нормаларын КРнын Конституциясынын жаңы редакциясына ылайык келтирүү, ошондой эле мыйзамдарда орун алган кемчиликтерди жоюу максатында иштелип чыккан.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.