> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы алты айда кен казып алуудан бюджетке 25.8 млрд сом түштү
- URL: https://im.kg/all/2022/10/19/2022-zhyly-alty-ajda-ken-kazyp-aluudan-bjudzhetke-25-8-mlrd-som-t-sht/
- Published: 2022-10-19T15:28:21.000Z
- Updated: 2022-10-19T15:28:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-июнь айларында тоо-кен ишканаларынан 25.8 млрд сом түштү. Ал эми 2021-жылы болсо түшкөн каражаттын жалпы суммасы болгону 22.9 млрд сомду гана түзгөн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жаратылыш ресурстар министринин биринчи орун басары Канат Садыков билдирди.**

Анын айтымында, Кыргызстанда 2022-жылга чейин жер казынасын пайдалануу укугуна 180 аукцион өткөрүү пландалууда. Лоттордун болжолдуу баасы 180 миң доллар турат.

1-октябрга карата 88 сынак жарыяланып, анын 33ү 885 миң долларга өткөрүлгөн.