2022-жылы алты айда кен казып алуудан бюджетке 25.8 млрд сом түштү

2022-жылдын январь-июнь айларында тоо-кен ишканаларынан 25.8 млрд сом түштү. Ал эми 2021-жылы болсо түшкөн каражаттын жалпы суммасы болгону 22.9 млрд сомду гана түзгөн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жаратылыш ресурстар министринин биринчи орун басары Канат Садыков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 2022-жылга чейин жер казынасын пайдалануу укугуна 180 аукцион өткөрүү пландалууда. Лоттордун болжолдуу баасы 180 миң доллар турат.

1-октябрга карата 88 сынак жарыяланып, анын 33ү 885 миң долларга өткөрүлгөн.