> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен облусун калыбына келтирүүгө бюджеттен 8.5 млрд сомго чейин каражат бөлүнөт
- URL: https://im.kg/all/2022/10/19/batken-oblusun-kalybyna-keltir-g-bjudzhetten-8-5-mlrd-somgo-chejin-karazhat-b-l-n-t/
- Published: 2022-10-19T17:23:20.000Z
- Updated: 2022-11-03T13:08:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар тууралуу маалыматты бүгүн, 19-октябрда парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.**

Жапаров облусту өнүктүрүүгө, анын ичинде турак жайларды, социалдык инфраструктура объектилерин, жолдорду калыбына келтирүүгө, жабыркагандарга компенсацияларды төлөөгө бюджеттен **6 миллиарддан 8.5 млрд сомго** чейин каражат бөлүү пландалып жатканын белгиледи.

Эске салсак, 14-17-сентябрь күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында аскердик кагылышуу болгон. Кагылышуу учурунда Кыргызстанда **59 адам** каза болгон.

Баткен облусундагы абалды калыбына келтирүүнүн алкагында Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп, **640** турак үйдү оңдоо, кайра курула тургандыгын аныкташкан. Анын ичинен 423ү жашоого жараксыз, 217си оңдоп-түздөөгө муктаж абалда.

> Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.