> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде Тажикстандан «Ягуар» ичимдигин алып келген жаран кармалды
- URL: https://im.kg/all/2022/10/19/batkende-tazhikstandan-yaguar-ichimdigin-alyp-kelgen-zharan-karmaldy/
- Published: 2022-10-19T12:03:02.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:11:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**УКМК Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында, Тажикстандан аткезчилик жол менен ичимдик алып келген жаранды кармаганын билдирди.**

> Алынып келинген товар – **2160 бөтөлкө** көлөмүндөгү **“Ягуар”** алкоголдук ичимдиги болгон.  

Көрүлгөн чаралар менен жогорудагы мыйзамсыз аракетке катышкан  
КРнын жараны К.А.А. бул алкоголдук продукцияны мыйзамсыз алып келүү фактысын тастыктаган, ошол эле учурда кылмышка шектүү дагы бир шериги жүк ташуучу унаада Тажикстандын аймагына качып кеткен.

Учурда бул факты боюнча процессуалдык документтер түзүлүп,  
тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.