> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү
- URL: https://im.kg/all/2022/10/19/kyrgyzstanda-zheti-millionunchu-zharan-t-r-ld/
- Published: 2022-10-19T13:53:23.000Z
- Updated: 2022-10-19T13:53:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда жети миллионунчу ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.**

Бирок азырынча кайсы жерде жана кимдин үй-бүлөсүндө жарыкка келгендиги тууралуу маалымат бериле элек. 

> Эскерте кетсек, Улутстаткомдун баалоосу боюнча КРнын калкы 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн жана жети миллионунчу жаран 20-октябрга чейин төрөлөт деп болжолдонуп жаткан.

Эскерте кетсек, өлкөнүн **алты миллионунчу жараны Кожошева Айлин 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында**, беш миллионунчу жараны Курамаев Тынчтыкбек 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Кайыпова Каныкей 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма **7 жылды**, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма **13 жылды**, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма **17 жылды** түздү.