> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соцфонддун бюджетинин чыгашасы өткөн жылдан 5.1 млрд сомго өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/10/19/socfonddun-bjudzhetinin-chygashasy-tk-n-zhyldan-5-1-mlrd-somgo-st/
- Published: 2022-10-19T10:41:06.000Z
- Updated: 2022-10-19T10:41:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 9 айында Социалдык фондунун бюджетинин жалпы чыгашасы 49 млрд 676 млн сомду түздү. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу билдирди.**

> Анын айтымында, 2021-жылдын 9 айына салыштырмалуу бюджеттин чыгашасы 5 млрд 181 млн сомго, же **111.6%га өскөн**.

Ал эми пенсиялык фонддун чыгашалары 44 млрд 785 млн сомду түзгөн жана өткөн жылга салыштырмалуу 3 млрд 976 млн сомго өскөн. Бул пенсиянын жыл сайын көбөйүшүнө жана пенсионерлердин санынын өскөнүнө байланыштуу болгон.

> 2022-жылдын 9 айында пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө 40 млрд 564 млн 500 миң сом керектелген жана ал толук каржыланган. Былтыркыга салыштырмалуу пенсия төлөөгө болгон муктаждык 3 млрд 237 млн 500 миң сомго көбөйгөн.

Ошондой эле ушул эле жыйында Кыргызстанда 2023-жылы пенсиянын **камсыздандыруу бөлүгү 15%га** жогорулашы мүмкүн экендиги айтылды. Соцфонд 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүүгө **1.5 млрд сом** бөлүүнү көздөп жатат.

Кошумчалай кетсек, Соцфонддун өкүлдөрү 2022-жылдын октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 3 миң сомго чейин көтөрүлгөнүн, ал эми республика боюнча орточо **пенсиянын көлөмү 8 миң 800 сомду** түзгөнүн белгилешти.

Эскерте кетсек, пенсия үч бөлүктөн турат – базалык, социалдык камсыздоо жана топтомо бөлүгү.

***Кошумча окуңуз:***

[Эгерде жаран жумушсуз калса, Соцфонд үч айга чейин 7 миң сомдон төлөп бере алат](http://localhost/info-portal/news/2022/10/17/egerde-zharan-zhumushsuz-kalsa-socfond-ch-ajga-chejin-7-mi-somdon-t-l-p-bere-alat/)

[Соцфонд 195 млн сомду мыйзамсыз иштеткен — Эсеп палатасы](http://localhost/info-portal/news/2022/10/17/socfonddo-195-mln-somduk-karzhylyk-buzuular-anyktaldy-esep-palatasy/)

[Финансы министрлиги менен Соцфонддун туура эмес эсебинен 380 млн сом ашыкча которулган](http://localhost/info-portal/news/2022/10/10/finansy-ministrligi-menen-socfonddun-tuura-emes-esebinen-380-mln-som-ashykcha-kotorulgan/)

[10-октябрдан тартып пенсия көбөйтүлгөн суммада берилип баштайт](http://localhost/info-portal/news/2022/10/07/10-oktyabrdan-tartyp-pensiya-k-b-jt-lg-n-summada-berilip-bashtajt/)