Соцфонддун бюджетинин чыгашасы өткөн жылдан 5.1 млрд сомго өстү
2022-жылдын 9 айында Социалдык фондунун бюджетинин жалпы чыгашасы 49 млрд 676 млн сомду түздү. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылдын 9 айына салыштырмалуу бюджеттин чыгашасы 5 млрд 181 млн сомго, же 111.6%га өскөн.
Ал эми пенсиялык фонддун чыгашалары 44 млрд 785 млн сомду түзгөн жана өткөн жылга салыштырмалуу 3 млрд 976 млн сомго өскөн. Бул пенсиянын жыл сайын көбөйүшүнө жана пенсионерлердин санынын өскөнүнө байланыштуу болгон.
2022-жылдын 9 айында пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө 40 млрд 564 млн 500 миң сом керектелген жана ал толук каржыланган. Былтыркыга салыштырмалуу пенсия төлөөгө болгон муктаждык 3 млрд 237 млн 500 миң сомго көбөйгөн.
Ошондой эле ушул эле жыйында Кыргызстанда 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 15%га жогорулашы мүмкүн экендиги айтылды. Соцфонд 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүүгө 1.5 млрд сом бөлүүнү көздөп жатат.
Кошумчалай кетсек, Соцфонддун өкүлдөрү 2022-жылдын октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 3 миң сомго чейин көтөрүлгөнүн, ал эми республика боюнча орточо пенсиянын көлөмү 8 миң 800 сомду түзгөнүн белгилешти.
Эскерте кетсек, пенсия үч бөлүктөн турат – базалык, социалдык камсыздоо жана топтомо бөлүгү.
Кошумча окуңуз:
Эгерде жаран жумушсуз калса, Соцфонд үч айга чейин 7 миң сомдон төлөп бере алат
Соцфонд 195 млн сомду мыйзамсыз иштеткен — Эсеп палатасы
Финансы министрлиги менен Соцфонддун туура эмес эсебинен 380 млн сом ашыкча которулган
10-октябрдан тартып пенсия көбөйтүлгөн суммада берилип баштайт