> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тогуз айда жолдорду оңдоого 17.5 млрд сом бөлүндү - анын 10 млрд сомун донорлор беришкен
- URL: https://im.kg/all/2022/10/19/toguz-ajda-zholdordu-o-doogo-17-5-mlrd-som-b-l-nd-anyn-10-mlrd-somun-donorlor-berishken/
- Published: 2022-10-19T09:25:01.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:33:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында жолдорду капиталдык жана орто ремонттоого 17.5 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Транспорт министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайынбаев маалымат жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, анын **7.5 млрд сому** мамлекеттик бюджеттен бөлүнсө, калган **10 млрд сому** донорлордон түшкөн. Алар жолдорду куруу боюнча 15 инвестициялык долбоорду ишке ашырууга багытталат.

> «342 чакырымдык жол асфальтталды, инвестициянын эсебинен узундугу 90 км болгон жаңы асфальт жол салынды, 88 км орто оңдоо иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан 500 чакырымдан ашык жол оңдолду», – деди Кайынбаев.