> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде жабыркаган жарандардын 13 млн сомдук 250 кредити кечирилди
- URL: https://im.kg/all/2022/10/20/batkende-zhabyrkagan-zharandardyn-13-mln-somduk-250-krediti-kechirildi/
- Published: 2022-10-20T11:06:09.000Z
- Updated: 2022-10-20T11:08:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусунун жабыркаган тургундары тарабынан алынган 250 кредит кечирилгенин билдирди.**

Анын берген маалыматы караганда, коммерциялык банктар 14-17-сентябрда Баткен облусунда орун алган окуядан жабыркаган жана насыясы бар жарандар менен иш алып барууда. 

> “Учурда жалпы суммасы **13.5 млн сомдук 250 кредит** кечирилип, 2.5 млн сом суммасындагы 13 кредит реструктуризацияланды. 

> «Ак-Сай айылынын четинде чакан чарбаны чоң ишканага – канаттуулар фабрикасына айланткан ишкер курман болгонун билесиңер. Анын дээрлик 9 млн сомго жакын банктагы карыздары жабылды. Мен бул компанияга жеке өзүм бардым. Канаттуулар фабрикасы калыбына келтирилет жана кеңейтилет. Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө», – деди ал.