> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Көмүрдүн баасы Ош менен Бишкекте канчадан? - 1800 сомдук айырма бар
- URL: https://im.kg/all/2022/10/20/k-m-rd-n-baasy-osh-menen-bishkekte-kanchadan-1800-somduk-ajyrma-bar/
- Published: 2022-10-20T11:53:58.000Z
- Updated: 2022-10-20T11:54:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ош, Бишкек шаарларындагы жана Чүй облусундагы сатылып жаткан көмүрдүн бааларына сереп салды.**

Аталган кызматтын берген маалыматына таянсак, **Оштун** өзүндө “БК” маркасындагы көмүрдүн **1 тоннасы – 5400 сомдон 6200 сомго чейин** калкка сатылууда.  

> “Бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагында жеке ишкерлер тарабынан “БК” маркасындагы көмүрдүн баасы **1 тоннасы 6000 сомдон 7000 сомго чейин** сатылууда”, – дейт аталган орган.

**Чүй облусунун** аймагындагы көмүрдүн баасына жана запастарына мониторинг жүргүзүлгөн. 

> “Жыйынтыгында, Токмок шаарындагы Кара-Кече кенинин көмүрү тоннасына **4600-4700 сомг**о сатылгандыгы аныкталган. **Кара-Балта шаарында** сатып алуучулар тоннасына **4700 сомдон 5000 сомго** чейин беришет, ал эми бир кап көмүр 230-250 сом турат.  
> Чүй облусунун отун базаларындагы Шабыркүл жана Кара-Жыра  
> кендеринин көмүрүнүн чекене баасы **тоннасына 5000 сомду** түзөт”, – дейт Монополияга каршы кызмат.

Ал эми Бишкектеги отун базаларына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында, **Кара-Кеченин** көмүрүнүн **тоннасы 4800 сомдон** сатылып жатканы аныкталган.