> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктарга браконьерлерди өз алдынча кармоого уруксат берилиши мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2022/10/20/kyrgyzstandyktarga-brakonerlerdi-z-aldyncha-karmoogo-uruksat-berilishi-m-mk-n/
- Published: 2022-10-20T09:26:53.000Z
- Updated: 2022-10-20T09:28:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жаратылыш ресурстар министрлиги браконьерлерди (мыйзамсыз аңчылык менен алектенгендерди) кармоо үчүн берилүүчү бонустардын өлчөмүн өзгөртүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жаратылыш ресурстар министрлигинин биоресурстар бөлүмүнүн башчысы Бекбатыр Бузурманов билдирди.**

Бузурмановдун айтымында, демилгечилер карапайым жарандарга жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө браконьерлерди кармап, тиешелүү түзүмдөргө өткөрүп берүүнү сунуштап жатышат.

> «Тилекке каршы, көптөгөн жарандар жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине кара аесуз мамиле кылып, алардын көптөгөн түрлөрүнүн жок болуу коркунучун түшүнбөй жатышат», – дейт Бузурманов.

Кошумчалай кетсек, агенттик 2023-жылдан 2026-жылга чейин жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий киргизүүнү сунуштоодо.