> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк: комбанктар кайсы төлөм системалары менен иштөөнү өздөрү чечишет
- URL: https://im.kg/all/2022/10/20/uluttuk-bank-kombanktar-kajsy-t-l-m-sistemalary-menen-isht-n-zd-r-chechishet/
- Published: 2022-10-20T15:11:25.000Z
- Updated: 2022-10-20T15:12:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк төлөм системаларына жөнүндө өзүнүн коммерциялык банктарга карата укуктары тууралуу эскертти.**

«КРнын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 40-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Улуттук банк конституциялык Мыйзамда жана КРнын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын учурдагы ишине кийлигишпей тургандыгын айтат. 

> Ошентип, КРын коммерциялык банктары төлөм системаларынын көз карандысыз катышуучулары катары КРнын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, **кайсы система менен иштөө керектиги жөнүндө чечим кабыл алышат**, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү жана башка талаптарды сактоо менен төлөм системалары менен иштөөдө тобокелдиктерге баа беришет. 

> Ушуга байланыштуу коммерциялык банктар тигил же бул төлөм системасы менен иштөөдө белгилүү бир чараларды же чектөөлөрдү кабыл алышы мүмкүн”, – дейт регулятор.

***Кошумча окуңуз:***

[«Бакай Банк», «Дос-Кредобанк» жана «Компаньон» россиялык «Мир» карталарын тейлөөнү токтотту](http://localhost/info-portal/news/2022/10/18/bakaj-bank-dos-kredobank-zhana-kompanon-rossiyalyk-mir-kartalaryn-tejl-n-toktottu/)