> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл аягына чейин 366 млрд сомдук айыл чарба продукциясын өндүрүү күтүлүүдө
- URL: https://im.kg/all/2022/10/20/zhyl-ayagyna-chejin-366-mlrd-somduk-ajyl-charba-produkciyasyn-nd-r-k-t-l-d/
- Published: 2022-10-20T15:40:41.000Z
- Updated: 2022-10-20T15:40:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы жана КРнын айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы менен куттуктады.**

Президент куттуктоо сөзүндө үстүбүздөгү жылда республиканын айыл чарба секторунда акырындык менен алгылыктуу жылыштар боло баштаганын, буга агроөнөр жай комплексине мамлекеттик колдоонун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки жарым эсеге, же **26.6 млрд сомго** көбөйгөндүгүн белгиледи.

Ошондой эле Жапаров 2022-жылдын жыйынтыгында болжол менен **366 млрд сомдук айыл чарба продукциясын** өндүрүүсү, же өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 42 млрд сомго, өсүү темпи 11%га көбөйөрү күтүлүп жатканын айтты. 

> “Агрардык өлкө саналган Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин негизги багыттарынын бири – тамак-аш жана кайра иштетүү сектору. Бул тармакта үстүбүздөгү жылда жаңы **29 ири жана орто ишкана, 46 кичи ишкана** түзүлүп, бул ишканаларда жаңы 750 жумушчу орун пайда болду. 

> Кластердик өндүрүштү тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын базасында түзүү жана аларды туруктуу өнүктүрүү максатында республикалык бюджеттен 10 млрд сом каралып, бул багытка республикалык бюджеттен **3.4 млрд сом** бөлүндү, жыйынтыгында, социалдык маанидеги азык-түлүктүн 9 түрү боюнча кластерлер түзүлүп, тармакта кластердик өндүрүш жандана баштады”, – деди ал. 

Президент натыйжада тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай секторунда 2022-жылдын январь-август айларында 32.7 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, тармактын өсүү темпи 112.3%ды түзгөнүн же 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7.8 млрд сомго көбөйгөнүн билдирди.