> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Агроөнөр жай секторунда «Мыкты чарбакер» сынагы боюнча 14 наамдын жеңүүчүлөрү аныкталды
- URL: https://im.kg/all/2022/10/21/agro-n-r-zhaj-sektorunda-mykty-charbaker-synagy-bojuncha-14-naamdyn-zhe-ch-l-r-anyktaldy/
- Published: 2022-10-21T16:59:17.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:37:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Айыл чарба министрлиги КРнын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин жана айыл чарба ишканаларынын арасында “Мыкты чарбакер” наамына конкурс аяктагандыгы жөнүндө жарыялады.**

Конкурс КРнын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин жана айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгүн, айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүдөгү, жаңы жумуш орундарын түзүү ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлдү. 

> Конкурска райондук мамлекеттик администрациялардын сунуштарынын жыйынтыгы боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан арыз берүү жолу менен КРнын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлери жана ишканалары катышты.

##### “Мыкты чарбакер” наамына сынак боюнча ХIV номинация өткөрүлдү. Конкурстук сынактын жеңүүчүлөрү болуп төмөндөгүлөр аныкталды:

- КРнын **органикалык чарбаны өнүктүрүүгө** кошкон салымы үчүн” номинациясына **“Сан Планет Органик” ЖЧК**
- КРдагы **балык тармагын өнүктүрүүгө** кошкон салымы үчүн” номинациясына Чүй облусунун Токмок шаарындагы **“Аквапром”** **ЖЧК**
- “Агроөнөр жай комплексиндеги **мыкты инновация** үчүн” номинациясына **“Кант-Сут” ЖЧК**
- “Айыл чарба чөйрөсүндөгү **мыкты стартап** үчүн” номинациясына **“Ат-Башы-Сүт” ЖЧК**
- “Агроөнөр жай комплексиндеги **илимий жетишкендиктери** үчүн” номинациясына **Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө** институтунун арпанын селекциясы жана баштапкы үрөнчүлүк бөлүмү
- “**Мал чарбасындагы** жетишкендиктери үчүн” номинациясына Кадамжай районундагы **“Эркин-95” фермердик** асыл тукум чарбасы
- “**Үлгүлүү асыл тукум мал чарбасы”** номинациясына **“Агрофирма Чабрец” ЖЧК**
- **“Үлгүлүү үрөнчүлүк чарбасы”** номинациясына **“Аталык Групп” ЖЧК**
- **“Үлгүлүү айыл чарба кооперативи”** номинациясына Ош облусунун Чоң-Алай районундагы “Чоң-Алай Агро” кооперативи
- “Мыкты айыл чарба продукциясын **кайра иштетүүчү** жана өндүрүүчү” номинациясына Талас облусундагы **“Эмилия” ЖЧК**
- “**Мелиорациядагы** жетишкендиктери үчүн” номинациясы КАйыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматынын Нарын мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын башчысы **Анарбек Сокеевге** ыйгарылды
- **“Мыкты механизатор”** номинациясы Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагынын трактористи **Базарбай Аширбаевге** ыйгарылды
- **“Мыкты багбан”** номинациясы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын фермери **Азамат Мажиковго** ыйгарылды
- “**Мыкты ветеринар”** номинациясы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун лабораториясынын жетекчиси **Медетбек Батыровго** ыйгарылды.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/312432570_426296179663638_6161066305743188322_n.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/312432570%5F426296179663638%5F6161066305743188322%5Fn.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/312467722_426295366330386_8884183603198599604_n.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/312467722%5F426295366330386%5F8884183603198599604%5Fn.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/312510707_426296452996944_3806156810858921432_n.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/312510707%5F426296452996944%5F3806156810858921432%5Fn.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/312556439_426298036330119_4059569683687517401_n.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/312556439%5F426298036330119%5F4059569683687517401%5Fn.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/312589422_426297812996808_4706851610027796423_n.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/312589422%5F426297812996808%5F4706851610027796423%5Fn.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/312593339_426296662996923_375150318873045175_n.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/312593339%5F426296662996923%5F375150318873045175%5Fn.jpeg)