> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КМШда эң жогорку пенсия Россияда, эң аз Тажикстанда берилет
- URL: https://im.kg/all/2022/10/21/kmshda-e-zhogorku-pensiya-rossiyada-e-az-tazhikstanda-berilet/
- Published: 2022-10-21T14:41:26.000Z
- Updated: 2022-10-21T14:41:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улутстаткомдун маалыматына таянсак, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң көп эмгек пенсиясы Россияда (227 доллар) жана Казакстанда (214 доллар), эң азы Тажикстанда (31 доллар) жана Кыргызстанда (76 доллар) белгиленген.**

**2020-жылдагы КМШ өлкөлөрүндөгү эмгек пенсиясынын жаш кура** **к** **боюнча өлчөмү**

*(* *улуттук статистика кызматтарынын маалыматтары боюнча,* *АКШ доллары менен)*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/image-4.png)

Ал эми КРда 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Соцфонддун жана башка мамлекеттик органдардын пенсиялык органдарында каттоодо турган пенсия алуучулардын саны **758 миң** адамды түздү. Беш жылдык мөөнөттүн ичинде дайындалган айлык пенсиянын орточо өлчөмү 2017-жылдагы 5 578 сомдон 2021-жылдагы 6 412 сомго чейин өскөн.