Контрабандага каршы күрөшүү үчүн минкаб көмүрдү убактылуу темир жол аркылуу гана алып чыгууну сунуштады

Аткезчилик фактыларын азайтуу жана экспорттук операцияларды ишенимдүү эсепке алуу максатында өкмөт көмүрдү темир жол аркылуу гана экспорттоону сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер “Торугарт” жана “Иркештам” өткөрүү пункттарынан тышкары көмүрдү автожолдор аркылуу ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштап жатышат. Өкмөт көмүр өндүрүүнүн көлөмү жыл сайын өсүп жатканын, аны менен катар аткезчилик күчөп жатканын белгиледи.

«Варианттардын көптүгүнө карабастан, темир жол транспорту эң универсалдуу транспорт болуп саналат. Дүйнөдө жүк ташуу боюнча алдыңкы орундардын бирин темир жол транспорту ээлейт, анткени ал экономиканын дээрлик бардык тармактарын тейлейт», – деп белгиледи минкаб.

Ошондой эле, темир жол менен ташуунун негизги артыкчылыгы катары автоунаа менен ташууга кыйын же мүмкүн эмес ири өлчөмдөгү объектилерди ташуу мүмкүнчүлүгүн кароого болот.