Кыргызстанда биринчи жолу бийиктиги 104 метр болгон асман тиреген имарат курулат

Кыргызстанда биринчи асман тиреген имарат курулат. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда куруучулардын форумунда Royal Tower курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров билдирди.

Анын айтымында, компания 100 метрлик чектен өттү жана имараттын бийиктиги 104 метрге жакын болот. Ал белгилегендей, Royal Tower буга чейин бардык керектүү документтерди алып, курулуш иштерин баштаган.

«Бир жумадан кийин биз чоң бетон куюлмасын алууну күтүп жатабыз», – деди Садыров.

Курулуш компаниясынын өзү буга чейин асман тиреген имарат 27 кабаттуу болоорун, курулушта акыркы инженердик технологиялар, ошондой эле премиум класстагы лифттер колдонулаарын билдирген.

Белгилей кетсек, ар кандай критерийлер боюнча бийиктиги 100-200 метрге жеткен имараттар асман тиреген имараттар деп аталат.