> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# LG компаниясы Подмосковьедеги заводун Өзбекстанга же Казакстанга көчүрүүнү пландап жатат
- URL: https://im.kg/all/2022/10/21/lg-kompaniyasy-podmoskovedegi-zavodun-zbekstanga-zhe-kazakstanga-k-ch-r-n-plandap-zhatat/
- Published: 2022-10-21T10:57:59.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:10:14.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Турмуш-тиричилик техникасын чыгарган Түштүк Кореялык LG компаниясы Москва облусундагы заводун жаап, өндүрүштү Өзбекстан же Казакстанга көчүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу [«Коммерсантъ»](https://www.kommersant.ru/doc/5621910?from=top%5Fmain%5F4) жазды.**

Басылманын маалыматы боюнча, өндүрүүчү эки өлкөдө тең сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Өзбекстанда – тиричилик техникасын чыгаруучу Artel менен – анын ишканаларында Samsung техникасы да чыгарылат. Ал эми Казакстанда 1998-жылдан бери LG-нин заводу иштечү, бирок ал бир нече жыл мурун жабылган.

Арзан жумушчу күчүнөн улам өндүрүштү Өзбекстанга көчүрүү пайдалуураак, бирок Казакстанда төлөөгө жөндөмдүү керектөөчүлөр көп экендиги белгиленип айтылган.