> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Восток айылында кездеме сактоочу кампадан өрт чыкты
- URL: https://im.kg/all/2022/10/21/vostok-ajylynda-kezdeme-saktoochu-kampadan-rt-chykty/
- Published: 2022-10-21T10:06:13.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**ӨКМ Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу алдын ала маалымат боюнча Восток айылынын Береговая көчөсүнүндө жайгашкан кездеме сактоочу кампадан өрт чыкканын билдирди.**

Жерине саат 04:45тен тарта жалпы ӨКМдин 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, саат 07:00дө “Тазалык” ишканасынан 2 суу ташуучу унаа жана РЭТинен 1 бригада иш алып барышкан.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен тилсиз жоо саат 07:48де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.