Айыл чарба министринин орун басары GLOBALG.A.P. сертификациясы тууралуу биринчи жолу депутаттан укту

Бүгүн, 24-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Органикалык өндүрүш жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында депутат Алишер Эрбаев өндүрүүчүлөрдүн бирден-бир көйгөйү сертификациялоо маселеси экенине токтолду.

“Азыр Бажы биримдиги дейбизби, ЕАЭБ дейбизби, Россиянын стандарттарын алуу аябай эле кыйын. Андан кийинкиси, эл аралык ХАССП, ISO сертификаты андан да оор. Бизде 3-4 эле компания бар аларды алган.

Эмне үчүн биз GLOBALG.A.P. деген сертификацияны киргизбей жатабыз? Бул эң оңой, киргизгенге да, иштегенге да ыңгайлуу, анткени жаңы өндүрүшчүлөргө, чакан бизнеске жакшы, продукциясы Европага болобу, Бажы биримдигине болобу кабыл алынат. Ошол эле биздин өзүбүздүн эле чоң “Глобус”, “Фрунзе” деген супермаркеттер албай жатат сертификациясы жоктугунан. Эгерде GLOBALG.A.P. сертификациясын киризсеңер, оңой эле болмок.

Мисалы, коңшу Өзбекстанды карайлы, GLOBALG.A.P. сертификациясын жасаган 80ден ашык адистери бар. Продукциясы Өзбекстандын ичинде эле эмес, сырт жака баары кетип жатат. Биздин кайналы сыяктуу азыктарыбыз, 30-60 сом менен кирет, ал жактан 250-300 сомдон кетип жатат. Анткени сиздердин жумушту чала алпарганыңыздардан, өндүрүүчүлөргө шарт түзүп бербегениңиздерден болуп жатат”, – деди депутат.

Жыйында баяндама жасаган Айыл чарба министринин орун басары Нурия Сооронова: “GLOBALG.A.P. дегенди азыр сизден угуп жатам”, – деди.

Депутат Эрбаев Айыл чарба министринин орун басары ХАССП, ISO сертификатын түшүнбөгөн министрликтин өкүлү мыйзамдын долбоорун алып келип отурганына таң калды.

“Менин суроом дагы, сөзүм дагы жок, булар түшүнбөсө, кантип суроо беребиз, кайсы суроону беребиз”, – деди ал.

Ошондой эле ал мыйзам долбоорунда 20дан ашык грамматикалык жана стилистикалык каталар табылганын айтып, мыйзам долбоорунун авторлорунан аларды жоюуга чакырды.

Талкуудан соң комитет мүчөлөрү депутаттардын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен «Органикалык өндүрүш жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырышты.


GLOBALG.A.P. – айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн эл аралык стандарт. Бул тастыктоо аркылуу өндүрүүчүлөр GLOBALG стандарттарынын талаптарына шайкештигин тастыкташат.

ХАССП – тамак-аш азыктарын өндүрүүдө тобокелдиктерди аныктоо, талдоо, контролдоо жана башкаруу үчүн иштелип чыккан система болуп саналат.

ISO – Текшерилген уюмдун иш системасын эл аралык стандарттарга шайкештигин ырастоочу документ. Бул чөйрөдө мындай стандарттарды иштеп чыгаруу менен алектенген уюм Эл аралык стандартташтыруу уюму (ISO) деп аталат.