> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бүгүн камактагы активисттер менен саясатчыларды колдоо максатында тынчтык митинги өтөт
- URL: https://im.kg/all/2022/10/24/b-g-n-kamaktagy-aktivistter-menen-sayasatchylardy-koldoo-maksatynda-tynchtyk-mitingi-t-t/
- Published: 2022-10-24T09:27:37.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:38:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүүгө каршы жана кечээ камалган жарандык активисттер менен саясатчыларды колдоо максатында “Реакция 5.0” деп аталган тынчтык жүрүшү өтөт.**

Жөө жүрүш Эркиндик бульварындагы “Бишкек-2” темир жол бекетинен саат 12:00дө башталат. Катышуучулар бульварды бойлоп, эски аянттагы өкмөт үйүн көздөй барышат.

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы активдүү позицияны карманган активисттер менен саясатчыларды массалык түрдө кечээ, 23-октябрда кармап башташкан.