Бүгүн камактагы активисттер менен саясатчыларды колдоо максатында тынчтык митинги өтөт

Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүүгө каршы жана кечээ камалган жарандык активисттер менен саясатчыларды колдоо максатында “Реакция 5.0” деп аталган тынчтык жүрүшү өтөт.

Жөө жүрүш Эркиндик бульварындагы “Бишкек-2” темир жол бекетинен саат 12:00дө башталат. Катышуучулар бульварды бойлоп, эски аянттагы өкмөт үйүн көздөй барышат.

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы активдүү позицияны карманган активисттер менен саясатчыларды массалык түрдө кечээ, 23-октябрда кармап башташкан.